Өзбекстанда үйлөнүү тоюнда кызыктуу оюнда келинге жеңилип калып, анын башына чапкан жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Өзбекстандын башкы прокуратурасы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 6-июнь күнү Сухандарыя облусунда болгон.
Укук коргоо органдары тарабынан социалдык тармактарда тараган видео боюнча иликтөө жүргүзүп, тиешелүү адамдарды аныктаган.
Башкы прокуратура күйөө балага "бейбаштык" боюнча кылмыш козгоп, административдик айыпка жыккан.
Келин-күйөө жана алардын ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн