Бүгүн, 28-февралда алдамчылыкка айыпталып камалган кош бойлуу келиндин соту Бишкек шаардык сотунда уланууда. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, 8 айлык кош бойлуу кезинде 6 жылга камалган кош бойлуу келин 15-февралда көз жарган. Ал уулдуу болгон.
Жактоочу Замир Жоошев соттон адилеттүүлүк жана келинди күтүп жаткан 6 баласынын жанына бошоторунан үмүт кыларын кошумчалады.
Эске салсак, айыпталуучу жылдык 144 пайыз менен карыз алып, ири өлчөмдөгү акчаны төлөй албай калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн