Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 16:03
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Уюшкан кылмыштуу топтой кылып коррупцияны дагы жок кылабыз, - Ташиев

17.01.2025 10:59
27
Уюшкан кылмыштуу топтой кылып коррупцияны дагы жок кылабыз, - Ташиев


Уюшкан кылмыштуу топтой (УКТ) кылып коррупцияны дагы жок кылабыз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.


Ал учурунда уюшкан кылмыштуу топ жок кылынары айтылганда көптөр ишенбегенин белгиледи. Жетекчинин айтымында, УКТнын мамлекеттикине окшогон системасы болуп, мыйзамдагы ууру "президент" болуп, аймактарда "смотрящийлер" жана "положенецтер" ишкерлерден жана башка жарандардан акча чогултуп иштешкен.


"Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдагы ууруну жок кылуу чечимин кабыл алдым, ишке ашырдык. Андан кийин жакындары жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да жок кылынды. Бүгүнкү күндө өлкөбүз уюшкан кылмыштуулуктан арылды. Кыргызстан Борбор Азияда, балким, бүткүл постсоветтик мейкиндикте уюшкан кылмыштуулугу жок жалгыз мамлекеттир. Азыр ишкерлер эч кимге акча төлөбөйт, базарлар, соода борборлору мурдагыдай акча бербей калды", — деди Ташиев.


Ташиев УКТ жок кылынгандан кийин кезек коррупция менен күрөшкө жеткенин белгиледи.


"Азыр жетекчилер менен кезиккенде коррупцияны жоебуз десем "коррупция эч качан жок болбойт, жомокту айтып жатышат" деп мыйыгынан күлүшүүдө. Жок кылабыз. Бирге түбүнө жетебиз. бир-эки жылда коррупцияны жок кылабыз. Калса дагы минималдуу көрүнүш болот", — деди Ташиев.


Ошондой эле ал коррупционерлерге карата мыйзамдар катаалданганын белгилеп, эми айып төлөп абактан кутулуу деген болбой турганын айтты. Мындан тышкары, Ташиев бул мыйзам 21-январдан тартып күчүнө кирерин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн