Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Уюшкан кылмыштуу топтун "Пакыр Калла" аттуу мүчөсү кармалды

12.01.2021 12:13
501
Уюшкан кылмыштуу топтун "Пакыр Калла" аттуу мүчөсү кармалды


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Пакыр Калла” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 30-декабрында саат 14:00 чамасында Сузак РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда 1983-жылы туулган эркек киши (Т.Б.) төшүнүн туш тарабына бычактан жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылган.


Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, жабырлануучунун 1975-жылы туулган айылдашы, бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган “Пакыр Калла” каймана аты бар Б.Б. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн