Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Узаган жылдын 11 айында чет өлкөлөргө дээрлик 430 млн доллар акча которулган

16.01.2024 13:40
183
Узаган жылдын 11 айында чет өлкөлөргө дээрлик 430 млн доллар акча которулган


Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандан чет өлкөгө 423 миллион 980 миң доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банктын статистикалык маалыматында көрсөтүлгөн.


Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялары тууралуу болууда. Каражат ар кандай валютада которулган, Улуттук банк алардын баарын доллар түрүндө көрсөтөт.


Январь-ноябрь айларында сырттан келген акчанын агымы 1,8 миллиард долларды түзүп, адаттагыдай эле чыгарылган суммадан көп болгон. 2022-жылдын ушул мезгилине карата сыртка 1 миллиард 82,5 миллион доллар чыгарылып рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн