Бугу 11, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Узак жашагыңыз келеби? Окумуштуулар менен адистер сырын айтышты

17.07.2020 13:08
1318
Узак жашагыңыз келеби? Окумуштуулар менен адистер сырын айтышты


Активдүү кыймылды, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону жана туура тамактанууну адатка айланткан адамдын өмүрү узарат. Бул боюнча Гарвард жана Амстердам университетинин окумуштуулары изилдегенин British Medical Journal журналы жарыялады.


Адистердин айтымында, активдүү кыймыл кан айланууну жакшыртып, ашыкча салмактан арылтат. Бул нерселер ден соолукту чыңдоонун жана ички органдардын ишин жакшыртуунун бирден бир жолу болуп эсептелинет. 


Ал эми окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөдө дени сак 50 жаштан жогорку 100 миң адамдын маалыматы каралган. Адистер алардын абалына 20 жылдай көзөмөл жүргүзгөн. Изилдөөгө катышкандардын кимиси жүрөк-кан тамыр оорусу, рак илдети, экинчи типтеги диабет жана башка ушул сыяктуу ооруларга чалдыкканын жана канча жашка чейин жашагандарын карашкан.


Окумуштуулар көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында адамдын өмүрүнүн кыскарышына алып келген 5 факторду аныкташкан. Алар тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин "ченелүү" көлөмдө ичүү, курамында кант жана майдын өлчөмү көп болгон тамактар менен тамактануу, аз кыймылдоо жана ашыкча салмак.


Окумуштуулар саналып өткөн 5 фактор менен 50 жаштагы адам дагы канча жыл жашарын аныкташкан. Факторлорду адатка айлантып алган аялдар орточо эсеп менен 73,7 жашка чейин жашашкан. Ал эми дени сак жашоону карманган аялдар орточо 84,4 жашка чейин өмүр сүргөн. Эркектерде беш факторду карманбагандардын орточо жаш курагы 73,5 жаш болсо, дени сак жашоону тандагандардыкы 81,1 жашка өскөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн