Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Узакбаевдин көрсөтмөсү Асылбек Жээнбековдун актыгына доо кетире албайт

23.09.2021 09:57
3023
Узакбаевдин көрсөтмөсү Асылбек Жээнбековдун актыгына доо кетире албайт


Жогорку Кеңештин экс-төрагасы  Асылбек Жээнбеков 2012-жылкы чечимге байланыштуу “Кыргызстандын “Центерра” компаниясы менен кызматташуусунун жаңы шарттарын карап чыгууга тоскоол болгон” деген жүйө менен камакка алынган. Ага ушул эле эпизод менен камалган, “Кумтөр” маселеси 2012-жылы парламентте каралган кезде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетин жетектеп турган  Талант Узакбаев каршы көрсөтмө бергени негиз болгону айтылып келүүдө. Жээнбековго каршы көрсөтмө берген Талант Узакбаев  өзү тергөө менен кызматташуу келишине барганы үчүн алгач үй камагына чыгып, андан кийин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, Кылмыш кодексинин 80-беренесинин 3-бөлүмүн негиз кылып 300 миң сом айып салган. Ошентип, 2012-жылкы чечимге байланыштуу “Кыргызстандын “Центерра” компаниясы менен кызматташуусунун жаңы шарттарын карап чыгууга тоскоол болгон” деген  экс-депутат Талант Узакбаев 300 миң сом айып төлөп, “Кумтөр” маселесинен кутулуп кете берди.


Узакбаевдин иши сотто каралган кезде, Талант Узакбаев  премьер-министр Өмүрбек Бабанов, ЖК спикери Асылбек Жээнбеков, ЖК депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов жана башкалар менен кылмыштык сүйлөшүүлөргө барып, Centerra Gold Inc компаниясынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен мыйзамсыз карым-катыш орнотууга тикелей катышкан деп айтылган. Соттун документинде “Сүйлөшүүнүн максаты- мыйзамсыз материалдык байлыктарды алуу жана аталган компанияга артыкчылыктарды берүү болгон. Бул мамлекет жана коомдун кызыкчылыктарына коркунуч жараткан” деп айтылат. Мамлекет жана коомдун кызыкчылыктарына коркунуч жараткан деп күнөөлөнгөн адам эмне үчүн 300 миң сом айып төлөп бошоп кетиши керек? Бизде мамлекеттин кызыкчылыгы 300 миң сомбу? Ушул сыяктуу суроолорго жооп табуу да кыйын...


Талант Узакбаевдин “Мага коркутуу болгон” деген сөзү Асылбек Жээнбековдун абакта олтурушуна негизги себеп болууда. 2012-жылы “Кумтөр” маселеси парламентте каралган учурдагы стенограммалар Талант Узакбаевдин бул көрсөтмөсү “Азыр өз башымды аман сактап калсам болду, башкалардын тагдыры кызыктырбайт” дегендей мааниде болгонун ырастайт.


Стенограмма 22-июнь 2012-жыл (Кезексиз чакырылган жыйын).


Т. Узакбаев. Процедурный. Урматтуу Асилбек Шарипович, урматтуу депутаттар. Өзүңүздөр көрүп турасыздар мына бир 13 киши, 14 киши суроо берди азыр. Дагы бир алдыда 70 депутат жазылып турат. Биз азыр суроо бере берсек жооп бере беришет эч натыйжа дагы чыкпайт мындан. Андан көрө сунуш киргизет элем токтомдун долбоорун талкуулабайлыбы ошондо дагы суроо бересиңер кайра эле ушунун баарын кайталай беребизби. Баягы суроо бере элек депутаттар, кечирип коюңуздар, бирок негизи бүтпөйбүз, андан кийин талкууга канча киши жазылып турат. Болбосо азыр чечим кабыл алалы да, каникул бүткүчө ушул суроо менен отуралы деп чечим кабыл ылышыбыз керек. Ушул менин сунушумду добушка койсоңуз, Асилбек Шарипович.


Бул Талант Узакбаевдин стенограммадагы сөзү. Токтомго добуш берүү 27-июнда болгон. Узакбаев 5 күн мурун токтомдун долбоорун талкуулайлы деген сунушун берип жатат. Бул учурда ага эч ким көрсөтмө бербесе керек.


Токтомго добуш берген күнү Талант Макишович Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин төрагасы катары “Кумтөр” маселесинде баяндамачы болот.


Стенограмма 27-июнь 2012-жыл.


Т. Узакбаев. Урматтуу депутаттар, өзүңүздөр берген тапшырма боюнча өткөндө карап өттүк элек, ошондон кийин жанагы токтомду кайра иштеп чыгуу боюнча тапшырма бердиңиздер эле. Биз 2-3 күндөн бери бир топ депутаттарды чогултуп, комитеттерди чогултуп тиешелүү комитеттерди, кызыкдар болгон депутаттардын баарын чакырып, ушул сүйлөшүп, анан өзүңүздөргө сунушталгандай токтомдун долбоорун алып чыктык. Бул жерде бир нерсени айтып кетиш керек ушул токтомдун долбоорунда “Ата-Мекен” фракциясынан келген бир сунушту киргизбей калган экенбиз, ошону стенограмма үчүн айтып коёюн, Өмүрбек Чиркешович, “Признать инвестиционное соглашение между Правительством Кыргызской Республики “Центеррой голд инк” и “Кумтор Голд Компани” заключенное 31 декабря 2003 года, как соглашение глубоко противиречащим интересам кыргызского народа и государством, заключенное в коррупционных интересах правящей в то время Кыргызского Правительства” дегенди кошуп атабызжана эртең менен да сүйлөштүк эле, Өмүрбек Чиркешович. Кечээ, кечирип коёсуз, биз киргизбей калыпбыз, өзүңүз да келип катышалбай калгансыз. Андан тышкары СДПК фракциясынан түштү. Коалициялык көпчүлүктөн келген сунуштарды жана айрым депутаттардан келген сунуштардын баары эске алынды. Негизинен болушунча туура жактарынын баары киргизилди. Ошон үчүн ушул токтомду карашыңарды суранабыз. Рахмат.


Узакбаевдин дал ушул сөзү, анын “Мага басым болгон” деген көрсөтмөсү чындыкка дал келбегенин далилдейт. Мында, ал тийиштүү комитеттерди, депутаттарды чакырып, ошолор менен талкуу болгондон кийин гана токтомдун долбоорун даярдаганын, депутаттардан, фракциялардан, коалициядан келген сунуштар долбоорго  киргизилгенин айтып жатат. Төрага Жээнбеков бир канча комитеттер, депутаттар чогулуп, фракциялардан келген сунуштарды эске алуу менен токтом долбоору даярдалып жатса, Узакбаевди чакырып алып, “Бул сунушту киргизбе, муну эске аласың...” деп тапшырма бере алмак беле? Бул логикага дагы сыйбай турган көрүнүш да. Эгер Жээнбеков ошондой тапшырма берип, баарын көзөмөлгө алган болсо, ошол күнү эле жыйын ызы-чууга айланмак. Акча роль ойногон болсо, ким канча алганы эбак айтылмак. Андыктан, Талант Узакбаевдин Жээнбековго карата берген көрсөтмөсү, караандай калп экенин жыйындын жүрүшү аныктайт. Кыргызда “Болушу ушул болсо эмне кылсын?” деген сөз бар. Талант Узакбаевдин “болушу ушул болсо” эмне деп айтмак элек.  Бирок, жигитте намыс болушу керек.  


Бактыбек Жакыпов

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Илиязов Жыргалбек
Асылбек Шарипович ке койулган жалаа туура эмес кудайдан корксонор боло , куноолу эмес 100% ,
Айлин
Куру доомат менен алек болгондор онбой калсын.Асылбек Жээнбековдун Кумтор боюнча эч кандай куноосу жок.
Айлин
Куноосу жок Асылбек Шариповичтин Кумтор аферасында.Боштондук берилсин!!!
Мир
Баары эле билет уже куноосу жок экенин. Калп эле кармап отурушат же доказательство жок, следствие ордунан жыла албайтат.
Гулкан
Акталышкерек Асилбек Шарипович таза инсан