Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Узап бараткан жыл эмнеси менен эсте калды?

30.12.2020 11:37
897
Узап бараткан жыл эмнеси менен эсте калды?


Ошентип 2020-чычкан жылынын да сапары карыды. Эки күндөн кийин 2021-жыл кирип келгени турат. Ошондон улам узап бараткан жыл эмнеси менен эсте калды деген салтка айланган суроо жаралат. 

Бул жыл өтө бушаймандуу жана көзгө илешпей бат өткөн жыл катары калды. Январь, февраль, март айлары өзүнүн кадимки нугу менен өттү. Анан март айынын аягынан тарта эле адамзатынын жашоосуна карантин кирди. Ошол карантин менен жылды узатып жатабыз. Жаз жана жай мезгилдеринин кереметин бул жылы сезбей калдык. 


Ааламды каптаган апаат


Жыл башында эле Кытайдын Ухань шаарында коронавирус илдети пайда болгону тууралуу маалымат чыкты. Анан ал тездик менен Европа өлкөлөрүн каптады. Ири шаарлар толугу менен карантинге жабылып, адам баласы көрүнбөй, бошоп калган шаарларды жаңылыктардан көрүп, көзүбүз да адегенде көнбөй жатты. Ал илдет бизге келбей тургандай сездик. Алтургай аны жалган эле ызы-чуу, чуулган салуу катары сыпаттап жибердик. 

Март айынын аяк ченинде коронавирус биздин өлкөдө да катталды. Адегенде өлкөбүздө өзгөчө кырдаал, андан кийин айрым аймактарда өзгөчө абал режими киргизилди. Борбор калаабызда дээрлик эки айга чукул коменданттык саат күчүндө турду. 

Май айында коменданттык саат алынаары менен көчөлөрдө кадимки эле мурунку жашоо башталып кетти. Бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, той-аштарды токтото туруу сыяктуу талаптар аткарылган жок. Анын натыйжасында июнь-июль айлары Кыргызстан эли үчүн өтө оор жоготууларды алып келди. Күнүнө орточо эсеп менен 40-50 адам жарык дүйнө менен кош айтышып жатты. Кыргыздын белгилүү инсандарынын биринин артынан бири чын дүйнөгө аттанып кетишкени элдин эсин чыгарды. Белгилүү аалым Чубак ажы, экс-спикерлер Чыныбай Турсунбеков, Мукар Чолпонбаев, белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева сыяктуу бир топ инсандар жакшынакай жүрүп эле арабыздан кетип калышты. Карантин жаңыдан башталган учурда Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев, анын артынан маданияттын эмгек сиңирген ишмери Зайырбек Ажыматов чын дүйнөгө сапар тартты. 

Айтор, бул жыл өтө оор жоготуулары менен тарых барактарында жазылып калды. Дүйнөнү каптаган коронавируска чалдыккандардын саны жалпысынан 82 миллиондон ашты. Каза болгондор 1 миллион 700 миңден ашык. Азыр деле бул илдет жер бетинен толугу менен кетелек. Дагы деле өз коркунучун кармап турат. 


Жемишин бербей калган шайлоо

Бул жылдагы саясий кырдаалдын чукулунан өзгөрүшүнө 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо себепкер болду. Бийликтин партиялары деп саналган үч партиянын дээрлик 90% мандатты ээлеп алуусуна алып бара турган жыйынтык нааразычылыктарды жаратып, анын натыйжасында бийликтин толугу менен алмашуусун камсыздады. 

Жаңы келген бийликтин Башмыйзамдын талабы менен адегенде парламенттик шайлоону эмес, президенттик шайлоону белгилеп, андан соң конституциялык реформа жасап, анан гана парламенттик шайлоону өткөрүү ниети да бир топ нааразычылыктарды пайда кылып жатканын жашырууга болбойт. 


Урааным Манас!

Пандемиянын кесепетинен жана саясий олку-солку кырдаалдан улам элдин чөгүп турган маанайын манасчы Дөөлөт Сыдыков көтөрдү. Ал 12-ноябрь эртең мененки саат 9:42ден тарта тынбай, наар албай 14 саат 27 минут Манас айтуу менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракетин жасады. Бул күнү Борбордук аянтта Манастын духу жанды. Кыргыз элинин духу көтөрүлдү.


Пандемияга карабай кыргыз спортчулары жараткан ийгиликтер

Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам көптөгөн эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чаралар да үзгүлтүккө учурады. Мисалы, Олимпиада оюндары кийинки жылга жылдырылды. Бирок, ошого карабастан кыргыз спортчулары бул жылы мурда болуп көрбөгөндөй көптөгөн ийгиликтерди жарата алды. Өзгөчө балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованын жылдызы жанды. Ал жыл башында, тактап айтсак, 10-12-январь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Ошол эле мелдеште дагы бир балбан кызыбыз Назира Марсбек кызы алтын медлаь тагынса, Айпери Медет кызы коло медальга ээ болгон. 

Ал мелдештен кийин А. Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын байгенин ээси болгон. 

Февраль айында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко АКШнын Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринде америкалык атаандашын жеңип, өзүнүн чемпиондук курун сактап калды. Феврлаь айында Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков жана Арсалан Будажапов Азия чемпиондору болушту. Ал эми Жоламан Шаршенбеков, Азат Салидинов жана кыздар күрөшүнөн Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынышкан. Руслан Царев, Ким Роман, Ильяз Ренат уулу Бекболот Мырзаназаров, Исламбек Орозбеков коло медаль алып келишкен. 

Мындан сырткары да бир топ ири ийгиликтер кыргыз спортунда жасалды. Өзгөчө бул жылы кыргыз кыздарынын ийгиликтери төбөбүздү көккө жеткирди. Дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова 7-ноябрда Варшавада өткөн эл аралык турнирде кезектеги алтын медальды тагынды. Американын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Антонина шевченко бразилиялык атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды. Бир эле жылда экинчи ирет мушташка түшкөн Валентина Шевченко UFC 255 мелдешинде таймашып, чемпиондк курун төртүнчү ирет коргоп калды. 

Бириккен күрөш дүйнөсү уюму кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованы кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп атады. Мындай наам аталган уюмдун Инстаграмм баракчасындагы добуш берүү аркылуу аныкталды. 

Декабрь айында Сербиянын белград шаарында өткөн спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда кыргызстандык балбандар үч алтын жана беш коло медаль тагынып кайтышты. Мындай жыйынтык менен мамлекетибиздин балбандары Дүйнө Кубогу мелдешинин эң жогорку тепкичине көтөрүлдү. Алтын тагынгандар – Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова. Коло алгандар – Айпери Медет кызы, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Исламбек Орозбеков, Айаал Лазарев болду. 


Элдин үмүтү

Бул азабы да, кайгысы да, кубанычы да коштогон жылды узатып жатып, кыргыз эли өлкөбүздө жаңыча өзгөрүүлөрдөн үмүт этип турган чагы. Ар кандай шайлоолорду добуш сатып алуу же административдик ресурстарды колдонуу аркылуу өткөрүү, коррупция, акыйкатсыздык, адилетсиздик, мыйзамсыздык деген өнөкөттөр өлкөбүздү муунтуп, өлөсөлүү абалга алып келди. Узап бараткан жыл менен бирге ушул өнөкөттөрдү калтырып, жаңы жылга тазалык, акыйкаттык, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук менен кирип барсак деген тилек бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн