Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 08:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.935
0.960

Узарбек Жылкыбаев БШКнын серверинде ката кетпегенин билдирди

30.11.2021 14:56
509
Узарбек Жылкыбаев БШКнын серверинде ката кетпегенин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде эч кандай мүчүлүштүктөр болгон жок, бул таблицанын ишиндеги маанилүү болбогон программалык ката. Бул тууралуу “Марал” радиосунун эфиринде БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.


Анын айтымында, мындан мурда ачык-айкын шайлоо процессин өткөрүүнүн алкагында БШКнын программисттери жарандар үчүн кошумча аянтча түзүшкөн, анда онлайн режиминде автоматтык эсептөө урналарынан шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматтар жарыяланып турган.


“Ушуга байланыштуу таблицанын ишинде программалык катачылык кетти, бирок ал добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен жок жана эте албайт”, - деди ал.


Муну менен катар БШК мүчөсү бул ката хакердик чабуулга дагы байланышы жок. “Сайт жакшы корголгон”, - деген Жылкыбаев программалык катачылык КР БШК жетекчилигине жыйынтыктоочу пресс-конференцияга бара жаткан жолдо белгилүү болгонун жана бул фактыны эч ким жаап-жашырбай турганын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн