Теке 07, 2025
Убакыт: 16:38
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Үзүр Жусупбеков да коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

02.08.2021 16:51
1280
Үзүр Жусупбеков да коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

97 килограмм салмакта эркектер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадага катышып жаткан Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.


Жузупбеков 1/8 финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Анын жыйынтыгында Армениянын спортчусу Жузупбековду 4:1 эсебинде жеңип алган.


Андан кийин Армениянын спортчусу дагы 2 атаандашын жеңип, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жузупбеков жубатуучу беттешке чыгат.


Коло медаль үчүн беттеште Жузупбеков Финляндиянын спортчусу менен кармашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн