Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Үзүр Жусупбеков жана Акжол Махмудов Олимпиадага жолдомо утту

09.04.2021 14:21
1490
Үзүр Жусупбеков жана Акжол Махмудов Олимпиадага жолдомо утту

Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири өтүп жатат.


Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов жарым финалда индиялык балбанды 8:1 эсебинде жеңип, турнирдин финалына чыкты.


Финалга чыккандыгына байланыштуу Акжол Махмудов "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алды.


Алэ эми 97 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков мелдештин жарым финалына жетип, жарым финалда түштүк кореялык балбанды 6:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Ал дагы Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн