Аяк оона 18, 2024
Убакыт: 14:20
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аламан байгеде Кыргызстан 3-орунду ээледи

13.09.2024 17:03
296
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аламан байгеде Кыргызстан 3-орунду ээледи


V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аламан байгеде кыргызстандык Кара кыз үчүнчү болуп келди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аламан байге боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Казакстандык аргымактар биринчи жана экинчи орунду алды. Ал эми Кыргызстандын курама командасы коло медалга ээ болуп, Нурэл Элесов Кара кыз аргымагы менен 3-орунду ээледи.

Аттын ээси Нурбек Керимбеков, саяпкери Изат Сыргак уулу. Курама команда Манас Экембаев, Изат Сыргак уулу жана Бекзат Жакбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн