Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көк бөрү кирген жок

10.02.2024 12:24
624
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көк бөрү кирген жок


Быйыл 8-14-сентябрда Казакстандын борбору Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттук мелдештердин түрлөрүнүн тизмеси белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, бешинчи ирет уюштурулуп жаткан Көчмөндөр оюндарында спорттун 20 түрү боюнча таймаштар өтөт. Бирок мелдештердин программасына көк бөрү кирбей калган. Көк бөрүнүн ордуна көкпар боюнча оюн өтөт.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстан тарабынан уюштурула баштагандан тарта көк бөрү боюнча мелдештер дайыма өткөрүлүп жүргөн. 2022-жылы Көчмөндөр оюндары Түркияда өткөндө көк бөрү жана көкпар боюнча өзүнчө мелдештер уюштурулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн