Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ВИЧти парентералдык жол менен жуктургандарга акчалай компенсация төлөө сунушталууда

24.06.2020 18:34
708
ВИЧти парентералдык жол менен жуктургандарга акчалай компенсация төлөө сунушталууда


Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-июндагы жыйынында депутаттар “ВИЧ/СПИД жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карашты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.


Демилгечи депутаттар Д.Бекешев менен Б.Турусбековдун айтуусунда, мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүн төмөндөгү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталды: Саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, же муниципалдык мекемелеринде ВИЧ/СПИД менен парентералдык жол менен оору жуккан балдардын ата-энелерине акчалай компенсация төлөө.


11-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "Он сегизге толгон кишилерге, ошондой эле ВИЧ/СПИД жуккан күнү он сегизге толбогон балдардын ата-энелерине (ата-энесин алмаштырган кишилерге) эгер Саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, же муниципалдык мекемелеринде ВИЧ/СПИД менен парентералдык жол менен оору жуккан болсо бир жолку акчалай компенсация төлөнөт.


Бир жолку акчалай компенсацияны төлөөнүн тартиби КР өкмөтү тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болбоого тийиш.


Мыйзам долбоорунда сунушталган нормалар 2005-жылдын 23-августунан тарта ВИЧ/СПИД жукканы ашкереленген күнү жашы жете элек балдарга тиешелүү экендиги белгиленип, 2022-жылдын 1-мартында ишке кирээри  жазылган.


Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн