Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Вакцина препараттарын ташуу үчүн Кыргызстанга 8 авторефрижератор келди

26.04.2021 12:34
984
Вакцина препараттарын ташуу үчүн Кыргызстанга 8 авторефрижератор келди

 Бүгүн, 26-мартта Кыргызстанга гуманитардык жардам катары келген вакцина препараттарын ташуу үчүн 8 авторефрижератор жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.


Транспорттук каражаттар вакцина жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык альянс (ВИГА) тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин ченемдик документтерине ылайык сатылып алынган.

Бөлүштүрүү планына ылайык, транспорттук каражаттар Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн 7 облустук борборуна бөлүштүрүлөт жана бир автоунаа Улуттук иммунопрофилактика борборуна берилет. Авторефрижераторлор вакцина препараттарын + 2, + 80 градус температурада ташууга арналган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн