№2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилиги жарактан чыгып калган 930 вакцинанын каражатын төлөйт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Маалым болгондой, аталган поликлиниканын 5 кызматкерине жаза катары сөгүш берилген.
"Биз аталган иш боюнча атайын комиссия түзүп ишти иликтедик. Россияга текшерүүгө жөнөтсөк, жараксыз болуп калганын айтышты. Буга байланыштуу тиешелүү 5 кызматкерге жаза берилди",- деди министр.
Эске салсак, бүгүн поликлиникада 930 даана вакцина муздаткыч өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу жараксыз болуп калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн