Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:50
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Валентина Шевченко Бишкекти эмне үчүн жакшы көрөрүн айтты

22.11.2021 17:03
1245
Валентина Шевченко Бишкекти эмне үчүн жакшы көрөрүн айтты

Валентина Шевченко Кыргызстанга болгон сапарынын Жогорку Кеңештин шайлоосу менен байланышы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте берген маалымат жыйынында айтты.


"Келгенимдин шайлоого жана башка саясий окуяларга тиешеси жок. Биз августта келели дегенбиз, бирок ортодо беттешимдин убактысы коюлуп калды. Ошентип сапарым бир нече ирет жылды. Соңку ирет ноябрдын ортосунда барабыз деп чечип, эми келип отурабыз", — деди спортчу.

Мындан сырткары, Шевченкодон "Кыргызстандагы саясий абалга көз салып турасызбы жана дем алыш күнү өтө турчу шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгүңүз барбы?" деп сурашкан.


"Бишкек кеңейип калгандай сезилди. Көп жаңы имараттар, жаңы турак жайлар курулуптур. Бирок мага эң жага турган жери эски шаар, борбор ошол бойдон экен. Бул мурас мурда кандай болсо, ошол бойдон калышы керек деп ойлойм. Ошол эле учурда шаар тоого жакын таза аймактарга карай өсүшү идеалдуу көрүнүш", — деген мушкер кыз.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алма
Валя рахмат Кыргызстанды унутпай келип турганына кыргыздар сени сыйлайт жана сен менен сыймыктанат барбол 😘👍👊