UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко кезектеги беттешин Жессика Андраде менен өткөрөт. Бул тууралуу спорттук беделдүү ESPNMMA порталы жазып чыкты.
"Валентина Шевченко өзүнүн титулун эң жеңил салмакта 24-апрелде Жессика Андрадеге каршы чыгып коргойт. Бул UFC 261 турниринин алкагында болорун Дана Уайт @bokamotoespn билдирди", — деп айтылат андагы маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн