Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:37
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун беттеши өтө турган күн белгилүү болду

19.08.2024 10:30
850
Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун беттеши өтө турган күн белгилүү болду


UFC 306 турниринде Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун беттеши өтө турган күн аныкталды.


Эске сала кетсек, спортчулар UFC 306 турниринде кыз-келиндер арасында жеңил салмакта чемпиондук куру үчүн беттешет. Беттеш 15-сентябрда Лас-Вегаста (АКШ) өтөт.


Атаандаштар үчүнчү жолу катары менен беттешет. 2023-жылдын март айында Алекса Грассо төртүнчү раундда муунтуу аркылуу титулга ээ болгон, ал эми сентябрда болгон реванш экиге бөлүнүп, тең чыгуу менен аяктаган.


Валентина Шевченко 36 жашта, экс-чемпион. Профессионалдык мушташ боюнча 23 жеңиш, төрт жеңилүү жана бир тең чыгуу бар.


Алекса Грассо 31 жашта. Профессионалдык деңгээлде мексикалык 16 жеңишке жетип, үч жолу жеңилүү ызасын тартып, бир күрөшүн тең чыгуу менен аяктаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн