Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы белгилүү болду

20.01.2023 10:11
601
Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы белгилүү болду

UFCнин кыздар арасындагы жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду.


Кыргыз мушкери рейтингде 4-орунда турган, мексикалык Алекса Грассо менен таймашат. Беттеш 4-мартта Лас-Вегаста өтө турган UFC турниринде болот.


Маалыматка ылайык, эки спортчу тең беттеш өткөрүүгө макулдугун беришкен. Шевченко муну менен 8-жолу чемпиондук курун коргойт. Ал карьерасында 26 беттеш өткөрүп, 23 ирет жеңишке жетип, үч жолу жеңилүү ызасын тарткан.


Акыркы беттешин 2022-жылдын июнь айында өткөн UFC 275 турниринин алкагында өткөрүп, анда Шевченко бразилиялык Тайла Сантосту калыстардын чечими менен жеңип алган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн