Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Вашингтондо жаңы жүрүш уюштурулат

05.06.2020 15:42
1118
Вашингтондо жаңы жүрүш уюштурулат


Теги афроамерикалык Джордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн ишембиде Вашингтондо баш аламандыктар менен башталган нааразылык акциялары дээрлик токтоду деп билдирди РИА Новости. Анын катышуучулары Ак үйдүн алдындагы көчөнү бошотушту деп айтылат маалыматта.


Ал эми Миннеаполистеги Түндүк Борбордук университетинде полициянын зомбулугунан өмүрү кыйылган Джордж Флойд менен коштошуу зыйнаты өттү. Мындай коштошуулар жакынкы күндөрү маркумдун кичи мекени Түндүк Каролинада уюштурулат, сөөгү Техаста жерге берилет.



Ал эми Миннесотанын прокуратурасы афроамерикалыктын өлүмүнө байланыштуу зомбулук аракети үчүн полицей Дерек Шовинге жана башка полиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Алар окуянын эртеси эле кызматтарынан бошотулган. Ага карабастан, Флойддун өлүмү АКШнын ондогон шаарларында жана европалык бир катар өлкөлөрдө баш аламандыктар, мародёрлук, кагылыштар менен коштолгон нааразылык акцияларын жаратты. Натыйжасында АКШда 9 миңден ашык адам кармалып, полиция менен кагылыштарда 11 адам мерт болду. Алардын көбү да афроамерикалыктар.


Өлкөнү кучагына алган мына ушундай массалык каршылык акциялары АКШ Конгрессиндеги демократтар менен республикачыларды “полициянын зомбулугун” териштирүүгө мажбур кылды.


Бүгүн, 5-июнда полициянын зөөкүр аракеттери жана укук коргоо органдарындагы расалык теңсиздик маселелерин чечүү боюнча чараларды камтыган атайын мыйзам долбоору Конгрессте талкууланат. Ал эми 10-июнда Өкүлдөр палатасынын Соттук комитетинде да ушул эле маселелер боюнча угуулар өтөт. Жаңы мыйзам долбоору АКШдагы полициялык реформалардын башталышы болот деген ишенич бар.



Деген менен кечээ, 4-июнда укук коргоочу, протестанттык дин кызматкери Эл Шарптон өлкө борбору Вашингтонго жаңы жүрүш уюштурулат деп жарыя салды. Жүрүш 28-августка белгиленген жана ал Мартин Лютер Кинг Үчүнчүнүн 1963-жылдагы атактуу акциясына окшош болот. Эске салсак, 57 жыл мурда 28-августта Вашингтондо 300 миңге жакын адамдын (80 пайызы кара түстөгүлөр) катышуусунда өткөн тынчтык акциясы америкалык укук коргоо кыймылынын тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп эсептелет.


Баса, 28-августта АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик шайлоого Республикалык партиянын талапкери катары катышаарын расмий тастыктаары күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн