"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдун уулу Данил Дашков УКМКнын тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу "Кактус.медиа" агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, 9-июнда Биринчи Май райондук соту жактоочунун өтүнүчү менен коррупцияга катышыгы бар делген Данил Дашковду тергөө абагынан бошотуу чечимин чыгарган.
Эске салсак, Данил Дашков Василий Дашковдун коррупция боюнча кылмыш ишине тиешеси бар деген шек менен УКМК тарабынан 2021-жылдын май айында кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн