Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Вебкам студияларды милиция менен криминал калкалайт

30.11.2020 18:03
905
Вебкам студияларды милиция менен криминал калкалайт

Вебкам студияларды укук коргоо органдары жана уюшкан кылмыштуу топтор калкалайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. 


"Вебкаминг бизде акыркы кезде тездик менен өнүгүп жатат. Бул ишмердүүлүк менен алек болгондор салык дагы төлөшпөйт. Себеби буларды укук коргоо органдары менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү калкалайт. Вебкам студиялардан түшкөн акчалар аларга дагы түшөт. Улам ачылып жаткан вебкам студиялар бири-бири менен атаандашып иштеп жатышат. Студиялар Финпол кызматкерлеринен тартып караларга чейин бири-бирине жиберип, кадимкидей салгылашуу жүрүп турат.


Буга карабастан мындай студиялар ачылып, өнүгүп жатат. Тилекке каршы, вебкаминг ишмердүүлүгүндө аябай көп кыздар иштейт. Албетте, биздин жарандарыбыздын ушундай жол менен акча таап жатканы өкүндүрөт. Ак эмгек менен акча тапса жакшы болмок. Бирок бизде бардык жакта ушундай хаос болуп жаткандыктан мамлекет бул нерсени колго алууга же легалдаштырып, же болбосо күрөшүүгө чамасы жетпейт",-деди  Бекешев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн