Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Велосипед менен жумушка каттаарын айткан дарыгер Балыкчыда иштебейт, - мэрия

08.04.2020 08:34
882
Велосипед менен жумушка каттаарын айткан дарыгер Балыкчыда иштебейт, - мэрия


"Сары-Камыштан Балыкчыга велосипед менен каттайм", - деген дарыгер айым Балыкчы шаарында иштебейт. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы билдирди.  


"Бул видеодо көрсөтүлгөн Жеңишкүл аттуу айым, Сары-Камыш айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеп, азыркы учурда Ысык-Көл районунун карантиндик постунда күзөт өтөгөнү аныкталды. Сары-Камыш айылынын ҮДТсү Ысык-Көл районуна караштуу", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.  


Андан сырткары аталган маалыматта алыстан келип иштеген дарыгерлердин баары эмгек өргүүгө чыгарылып, карантин учурунда үйлөрүндө экени да кошумчаланат.  


"Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасында Сары-Камыш айылынан жана башка жакынкы айылдардан келип иштеген медициналык кызматкерлер эмгек өргүүгө чыгарылып, карантин учурунда үйлөрүндө болуп жатышат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер медициналык борборунда, санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда аталган айылдан келип иштеген кызматкерлер жок. Балыкчы шаарынын мед.кызматкерлери үчүн карантин учурунда мэрия тарабынан такси кызматтары менен келишим түзүлүп, алардын кызматка барып келүүсүнө толук шарт түзүлгөн", - делинет мэриянын маалыматында.  


Белгилей кетсек, буга чейин интернетке атайын коргоочу костюм кийген дарыгердин велосипед менен бара жаткан видеосу тараган.  Анда дарыгер айым автоунаа жок Балыкчы шаарына чейин Сары-Камыш айылынан ушинтип каттап жатабыз деп айткан.  Бул видео коомчулуктун сынына кабылып, түрдүү пикирлер айтылган болчу.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн