Теке 02, 2024
Убакыт: 12:19
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Венада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлдү

11.06.2024 11:37
92
Венада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлдү


Венада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, анын курамына Дүйнөлүк банк, ОПЕК фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башкалар кирген. Комитеттин биринчи жыйыны күзүндө өтөт.


Форумда бир катар маанилүү документтерге кол коюлду:

- Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин долбоору боюнча кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- "500 киловатт Кемин — Балыкчы электр линиясы" долбоору боюнча Кыргызстандын электр тармактарын чыңдоого колдоо көрсөтүү боюнча меморандум;

- Эл аралык финансы корпорациясы менен күн энергиясын өнүктүрүүнүн экинчи фазасы боюнча макулдашуу;

- Долинка жана Речная көмөк чордондорун модернизациялоо боюнча келишим;

- Улуттук инвестициялык агенттик менен кытайлык компаниянын ортосунда энергетикалык долбоорлор боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча жылыш бар экенин белгилеп, долбоордун ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн