Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:44
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Венеция комиссиясынын чечими боюнча Конституциялык палата эмне деди?

19.11.2020 15:12
733
Венеция комиссиясынын чечими боюнча Конституциялык палата эмне деди?

Венеция комиссиясынын Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун референдумду шылтоолоп узак мөөнөткө жылдырылышы мыйзамсыз деген чечими боюнча Конституциялык палата комментарий бере албайт. Бул тууралуу Конституциялык палатанын басма сөз кызматынан кабарлады.


"Конституциялык мыйзамдарга ылайык, биздин судьялар Венеция комиссиясынын корутундусуна комментарий бере албайт. КП Венециялык комиссиянын бүтүмүн эске алабы деген суроого азыр жооп берилсе, чыгарчу чечиминен кабардар кылып коюшу мүмкүн. Констутициялык палата чечимди жакынкы күндөрү жарыялайт", — деп жазылган билдирүүдө. 


Белгилей кетсек, Жогорку Соттун өтүнүчү боюнча Венеция комиссиясы чукул маселени карап тиешелүү жоопту кечээ берген эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн