Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Венгрия 2 миңден ашык кыргызстандык үчүн жумуш орундарын түзүп берүүгө даяр

19.04.2023 12:56
894
Венгрия 2 миңден ашык кыргызстандык үчүн жумуш орундарын түзүп берүүгө даяр

Будапешт шаарында эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгер форуму өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстанднын 25тен ашык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана Венгриянын 30 рекрутингдик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Венгриянын ишканалары КР жарандарына өз өлкөсүндө ишке орноштуруунун шарттары жана тартиби жөнүндө кеңири айтып беришти.


Кыргызстан Венгрияда ишке орноштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби бар өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.


Форумдун алкагында кыргызстандык жана венгриялык иш берүүчүлөрдүн ортосунда B2B жолугушуулары уюштурулду. Форумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ортосунда кызматташуу боюнча 25тен ашык келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду.


Үстүбүздөгү жылы Венгрияда Кыргызстандын 2 миңден ашуун жараны жумуш менен камсыз болушу күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айбек уулу Иман
Жашым 18 де иштейм