Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Венгрия 2021-2022-жылдарга карата бюджеттик орундарга студенттерди чакырат

11.12.2020 21:41
1232
Венгрия 2021-2022-жылдарга карата бюджеттик орундарга студенттерди чакырат

2021-2022 окуу жылына карата Венгриядагы ЖОЖдорго студенттерди чакырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Венгриянын Адам ресурстары министрлиги жыл сайын Кыргызстандын жарандарын Венгриянын жогорку окуу жайларында венгр же англис тилдеринде окутуу үчүн грант бөлүп берет.


«Эки мамлекеттин ортосунда келишим негизинде гранттар бөлүнүп берилет. 2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн медицина, маалымат технологиялары, инженерия, табигый илимдер, айыл чарба, коомдук илимдер, экономикалык илимдер, саясий илимдер, спорт илимдери сыяктуу 150 орун бар. Программанын студенттери  акысыз окуу, ай сайын стипендия, жатаканага жайгашуу жана медициналык камсыздандыруу менен камсыз болушат», - деп билдирди министрлик.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Койчубай уулу Баяман
Бизге да насип кылса экен
Мыктарбек кызы Айзирек
Чет олкодон Билим алуу менин негизги максатым
Өмүрбек Үсөнович
Буйруса Венгрияга барып окуп келүүнү жараткан насип этсин. Өлкө келечеги-билимдүү жаштар. Билимдүү жаштар көп болсун.
Өмүрбек
Буйруса Венгрияга барып окуп келүүнү насип кылсын Аллахым.