Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:32
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Венгрия эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктарды тоскоолдуксуз кабыл алат

05.11.2021 17:36
818
Венгрия эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктарды тоскоолдуксуз кабыл алат

Венгер тарап Кыргызстандын эмдөө жөнүндө паспортун тааный турган болду. Бул тууралуу Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.


Белгилей кетсек, Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, "Европа биримдиги — Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында Венгриянын ТИМ башчысын кабыл алган. Анда мамлекет жетекчиси Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен өзүнө ыңгайлуу убакта келүүгө чакырды.


Петер Сийярто венгер тарап эки өлкө ортосундагы стратегиялык мамилелерди маңыздуу кылып, аны жаңы деңгээлге чыгаруу ниетинде экенин билдирди.


"Сүйлөшүү учурунда Сийярто венгер тарап Кыргызстандын эмдөө боюнча паспортторун таанууну чечкенин айтты. Муну менен эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга тоскоолдуксуз кире алышат", — деп жазылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн