Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү жыйынтыкталып, концерттик программа тартууланды (фото)

15.08.2022 14:57
1286
Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү жыйынтыкталып, концерттик программа тартууланды (фото)



Маданият күндөр 2022-жылдын 10 - августунда башталып, 15 - августка чейин уланды. Анда көөнөрбөс кыргыздын бай маданий программалары менен толукталып, өзгөчө өттү. 



Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей,  кыргыз элинин улуттук маданиятын чагылдырган фольклордук ансамблдин аткаруусундагы концерттик программанын алкагында манас айтылып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр менен коштолду.


Маданият күндөрдүн расмий жабылышы Венгриядагы улуу гунн жана түрк тилдүү элдердин курултайынын алкагында өтүп, кеңири коомчулук катышты.


Маданият күндөргө атайын чакырылган коноктор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Венгрияда иштеп жашап жаткан кыргыздар күбө болду.


Мындан сырткары, маданият күндөрдүн алкагында эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн