Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Венгрияда кыргыз маданият күндөрү башталды (фото)

12.08.2022 07:26
989
Венгрияда кыргыз маданият күндөрү башталды (фото)



12-август күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Венгриянын Маданият жана инновациялар министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Габор Чаба жана Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Триштан Азбей мырза менен жолукту. 


Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, анда Габор Чаба мырза Азамат Жаманкулов баштаган расмий жана чыгармачылык топтун келишин кубануу менен кабыл алып жаткандыгын белгилеп, кыргыз маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк жаралганына токтолду.


Азамат Жаманкулов өз кезегинде Венгрия тараптын мындай жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда ачылган Венгриянын элчилиги көпүрө болгон мындай маданий байланыштар эки элдин ортосундагы достук мамилени бекемдээрин белгилеп өттү.


Азамат Жаманкулов Кыргызстан жыл сайын башка мамлекеттерде маданий күндөрдү уюштуруп, кыргыз элинин бай маданияты жана мурастары менен тааныштырып келгенин айтып, 2022- жыл ичиндеги Венгриядагы бул маданий күндөр анын алгачкысы экенин баса белгиледи.


Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Венгриянын Маданият жана инновациялар министрлиги ортосунда жемиштүү кызматташуу ниеттерин билдиришип, эки тараптуу мындай иш- чараларды байма- бай уюштурууну макулдашты.


Жолугушуудан соң, Венгрияда ачылган Ч. Айтматов атындагы сейил багына зыярат кылып, гүл чамбар коюшту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн