Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Венгрияда күйөрмандар оюн талаасына чуркап чыгып, футболчуларга кол салды (видео)

29.06.2020 14:01
1161
Венгрияда күйөрмандар оюн талаасына чуркап чыгып, футболчуларга кол салды (видео)

 

Венгриянын “Дебрецен” командасы ички чемпионатында ийгиликсиз сезон өткөрүп, жогорку лигадан четтеп калды. Мындай көрүнүш күйөрмандардын нааразычылыгын жаратып, алар клубдун эң соңку оюнунда футбол талаасына чуркап чыгып, оюнчуларга кол салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Команданын күйөрмандары нааразы болгон абалда оюнчулардан футболкаларды чечип, баш тарткандарына күч колдонгон. Стадиондогу диктордун чакырыгына карабай күйөрмандар баш аламандык уюштурган. Окуя болгондон 80 секунда өткөндөн кийин күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү келгенден соң гана күйөрмандар өз орундарына кайтышкан.


Дебрецен” Венгриянын жети жолку чемпиону. Команда 2010-жылы Чемпиондор лигасынын тайпалык баскычында "Ливерпуль", "Фиорентина" жана "Лион" клубдары менен ойногон. Ал эми 2019-жылы Европпа Лигасынын тандоо турунда ойногон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн