Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандыктар эки медалга ээ болушту

14.07.2023 10:42
1278
Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандыктар эки медалга ээ болушту


Кыргызстандыктар Polyak Imre&Varga Janos Memorial рейтингдик турниринде медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.


Мелдештин биринчи күнүнүн алдында эркектер арасында эркин күрөш боюнча жети комплект медаль ойнотулду.


Алмаз Сманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде үч беттеш өткөрүп, финалга чыгып, Кытайдан келген балбанга утулуп калды.


Дагы бир кыргызстандык Икромжон Хаджимуродов 65 килограммга чейинки салмак ченинде коло тагынды.


Будапешттеги турнир 13-16-июль күндөрү өтөт. Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы баш болгон 10дон ашык спортчу катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн