Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Венгриянын Бишкектеги элчилиги Италияга виза берип баштайт

08.05.2021 15:29
818
Венгриянын Бишкектеги элчилиги Италияга виза берип баштайт


Кечээ, 7-майда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин орун басары Манлио Ди Стефано менен онлайн режимде жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.


«Н.Ниязалиев акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгиледи. Буга байланыштуу тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, инвестиция, салык, билим берүү, маданият жаатында мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты. Соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеген Н.Ниязалиев италиялык делегацияны 2021-жылдын октябрында Бишкекте өтө турчу «Европа биримдиги–Борбордук Азия экономикалык форумуна» катышууга чакырды.


Ал эми Ди Стефано Кыргызстандын Италиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттады жана эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын сентябрь айынан тартып Венгриянын Бишкектеги элчилиги Италия Республикасына виза берип баштайт.


Андан тышкары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча Кыргызстандын чыр-чатактуу маселелерди чечүүдө дипломатиялык ыкмаларды колонгону баса белгиленди.


Ди Стефано кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, Италия тарап колдоо көрсөтүүгө даярэкендигин баса белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн