Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 19:17
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Венгриянын ЖОЖдоруна окууга сынактык тандоо башталды

09.12.2024 17:17
163
Венгриянын ЖОЖдоруна окууга сынактык тандоо башталды


2025-2026-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларына сынактык тандоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2025-2027-жылдарга Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында жыл сайын Кыргызстандын жарандары үчүн венгр же англис тилинде Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн гранттар бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, талапкерлер 2025-жылдын 15-январына саат 14:00гө чейин (Борбордук Европа убактысы боюнча) https://apply.stipendiumhungaricum.hu онлайн-системасында катталып, формаларды толтурушу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди жүктөшү зарыл. 

Ошондой эле, 2025-жылдын 15-январына саат 18.00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) https://bilim.gov.kg онлайн-системасында (мындан ары - "Чет өлкөдө окууга Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу порталы" тиркемеси) катталып, бардык талап кылынган документтерди жана сүрөттү жүктөө керек. 

Толук маалымат - https://edu.gov.kg/posts/3726/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн