Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Маркумдарды массалык түрдө ыргытып көмүп салган видео Кыргызстанда тартылбаганы аныкталды (видео)

09.07.2020 09:52
1444
Маркумдарды массалык түрдө ыргытып көмүп салган видео Кыргызстанда тартылбаганы аныкталды (видео)

 

Социалдык түйүндөрдө "Бишкекте коронавирустан каза болгондорду жаныбарларды көмгөндөй жерге берип жатат" деген видео тараган. Бирок ал тасма Индиянын Карнатака аймагында тартылганы аныкталды.


Маалыматка ылайык, Карнатака штатынын бийлиги маркумдардын жакындарынан социалдык тармакта тараган видео үчүн кечирим сураган. Ошондой эле маркумдарды жерге берген адамдарды протоколго жараша иштегенине карабастан алмаштырып, администрация өкүлдөрү жаңы кызматкерлер гуманду мамиле жасарын убадалаган.


Видеодо кара кепинге салынган адамдарды казылган жерге ыргытып жатканын көрүүгө болот.


Учурда Индия коронавирус инфекциясы боюнча илдетти эң көп жуктурган алдынкы үч өлкөнүн катарына кирет. Ал жакта илдет 742 миңден ашык адамдан аныкталса, анын 457 миңи сакайып, 20 642 киши каза болду. Карнатака аймагында коронавирустан 246 адам каза болгон.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн