Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Видео толук жарыяланган эмес. Мугалим окуучу кызды сабаган окуянын толук чоо-жайы белгилүү болду

26.05.2022 11:16
1082
Видео толук жарыяланган эмес. Мугалим окуучу кызды сабаган окуянын толук чоо-жайы белгилүү болду

Сузак районунун милициясы мугалим менен окуучунун чыры боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


2022-жылдын 25-май күнү “Facebook” социялдык тармагы аркылуу Сузак районунун аймагында жайгашкан орто билим берүү мектептердин биринде, мугалим жашы болжол менен 15-16 жаштагы окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жиберген видео-тасмасы тараган.

 Аталган фактыны текшерүүнү талап кылгандыктан 2022-жылдын 25-май күнү Сузак РИИБдин маалымат электрондук журналына (МЭЖ) катталып, алдын-ала текшерүү жүргүзүлгөн.

Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, аталган окуу жайдын 7-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Д.Х. информатика сабагынын мугалими Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган.

        Окуя боюнча мугалим Э.М. суралган учурда ал - 2022-жылдын 23-май күнү саат 12-00дө сабак учурунда 7-классынын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы аталган 7-классынын окуучусу 2009-жылы туулган К.А. өз-ара сөз талашып, айтышып кетишкен учурда, аларга сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткендигин, окуучу Д.Х, мага орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып аны бети-баш жактарына чапкылап, тарбиялык мааниде уруп жиберген болчумун деп көрсөткөн.


 Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видеосу алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин, окуучу мугалимге акараат кылып, аны менен кайым–каяша айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган.      


 Аталган факты боюнча толук жана обьективдүү текшерүү максатында, Д.Х. денесинен алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 


Ошондой эле, азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн