Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 03:17
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Виктория Мозгачева мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди

07.09.2021 14:19
863
Виктория Мозгачева мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Ленин районундагы билим берүү мекемелерин кыдырды, мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, вице-мэр райондогу 30 мектепке барып, алардын жаңы окуу жылына канчалык даяр экенин текшерди. «Бардык мектептерде иштер толугу менен аткарылган. Мекемелер мектеп окуучуларын кабыл алууга даяр»,-деп айтылат маалыматта.


Учурда мектептердин айлана-тегереги ирээтке келтирилип, жол чийиндери жаңыланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн