Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Вирус спецификалык өзгөчөлүккө ээ болгондуктан оор категорияга ыкчам өтүп кетүүдө, - Касымбек Мамбетов

15.07.2020 09:07
914
Вирус спецификалык өзгөчөлүккө ээ болгондуктан оор категорияга ыкчам өтүп кетүүдө, - Касымбек Мамбетов


 

Учурдагы негизги милдет – оор жана өтө оор абалдагы бейтаптарды сактап калуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин экс-статс-катчысы Касымбек Мамбетов вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен өткөргөн кеңешмеде билдирди.

 

 

«Вирус спецификалык өзгөчөлүккө ээ болууда, мында жеңил өтүп жаткан оору ыкчам түрдө оор категорияга өтүп кетүүдө. Коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды реабилитациялоо маселесине да жетиштүү көңүл бурулушу кажет. Тез арада клиникалык протоколдорду жаңылоо жагы каралышы керек», - деди ал.

 

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинованын айтымында, ири стационарларды тандап, аларды коронавирус инфекциясына чалдыккандар үчүн убактылуу дарылоо мекемеси катары түзүп чыгуу зарыл. Мында атайы лабораториялар, рентген-кабинеттер каралып, алар суюк кычкылтек менен жабдылып, кеңири реанимациялык блоктор каралышы керек.

 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Саламаттык сактоо министрлигине, 2020-жылдын 8-июнундагы коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо жөнүндө буйругуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн реконвалесценттик плазманы пайдалануу ыкмасын иликтеп, ал боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн