Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Вирус табылган казакстандык айдоочу чек арага жүгүн таштап, өлкөсүнө кирип кеткен

16.05.2020 11:41
1282
Вирус табылган казакстандык айдоочу чек арага жүгүн таштап, өлкөсүнө кирип кеткен


Бүгүн, 16-майга карата катталган коронавирус боюнча алты учурдун үчөө оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде.


Анын айтуусунда, алардын бири Казакстандын жараны, чек арадан кирбестен, жүгүн таштап кайра өлкөсүнө кирип кеткен. “Алынган анализи коронавирусту тастыктаганына байланыштуу, биз коңшу Кордай районунун тийиштүү органдарына маалымат жибердик”, - Н.Үсөнбаев.


Ал кошумчалагандай, оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары артыкчылыктуу топко киришет. Алгоритмге ылайык, айдоочулар чек арадан өтүп жатканда коронавируска анализ тапшырышат, андан кийин Транспорт жана жолдор министрлигинин адистери дарегине чейин коштоп барышат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн