Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Вирус жуктурган 895 адамдын 637си айыгып чыкты

07.05.2020 10:23
1213
Вирус жуктурган 895 адамдын 637си айыгып чыкты


Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен дарыланып жаткан бейтаптардын жалпы саны 246 адамды түзөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 4 бейтап реанимацияда.

Маалыматка ылайык, 5-февралдан тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 69 333
Акыркы 24 саатта жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 121.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 071. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 676 адам жатат.

Үсөнбаев кошумчалагандай, жуктуруп алган дарыгерлердин 70 пайызы айыгып, кайра жумуштарына ийгиликтүү киришишти, калганы дарылоо процедураларынан өтүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата 895 учур катталды, алардын 637си ооруканадан чыгарылды, ал эми каза тапканы 12 адам. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн