Бугу 08, 2024
Убакыт: 01:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Вирустан каза болгон Чолпонбаевдин сөөгүн коюуга бир топ бийлик өкүлдөрү катышты

26.05.2020 09:12
2147
Вирустан каза болгон Чолпонбаевдин сөөгүн коюуга бир топ бийлик өкүлдөрү катышты


Кечээ, 25-майда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.


Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров баштаган өкмөт өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер, жакындары жана туугандары катышты.


Мукар Чолпонбаев дасыккан юрист катары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, өлкөнүн көз карандысыздык декларациясын жарыялоо жараянына жигердүү катышкан. Ошондо эле алгачкы Конституцияны жазууда да тажрыйбалуу укукчу катары түздөн-түз иш алып барган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын жана укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдали
Карапайын адамдар олсо жаназасыга туугандарында катыштырбады эле