Теке 06, 2024
Убакыт: 08:30
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Вирусту жеңгенден кийин ата мекендик өндүрүшкө өнүгүү үчүн жаңы шарттар түзүлөт, - Абылгазиев

29.04.2020 08:54
1099
Вирусту жеңгенден кийин ата мекендик өндүрүшкө өнүгүү үчүн жаңы шарттар түзүлөт, - Абылгазиев

 

Кризистен кийинки мезгил экономикадагы бир канча тармактын өнүгүшүн шарттайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.


Анын айтымында, коронавирус инфекциясы бүтүндөй мамлекет үчүн чоң сабак болду, иш жүзүндө экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн баамдоого шарт түзүп, ошол эле учурда жакынкы келечекте өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жардам берди. 


"Биздин негизги аракеттерибиз - ата мекендик ишкерликти колдоого, импортту алмаштыруу саясатын активдүү жүзөөгө ашырууга, экспорттук дараметти бекемдөөгө, экологиялык таза продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы рынокту өздөштүрүүгө багытталат. Биз COVID-19 вирусун жеңгенден кийин посткризистик мезгилде бир катар тармактар өнүгүү үчүн жаңы өбөлгө алышат”, - деди премьер.


Бул биринчи кезекте медицина, медициналык технологиялар, адамдык потенциалды өнүктүрүү, дистанттык билим берүү жана аралыктан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү, электрондук коммерция жана соода. Санариптештирүү саясаты натыйжалуулугун көрсөттү. “Мисалы, бүгүн биз дистанттык салыктык текшерүүлөр тууралуу чечимдин үзүрүн көрө алабыз”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн