Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Вице-мэр Бишкектеги гараж кооперативинин мүчөлөрү менен жолугушту

09.11.2022 11:17
325
Вице-мэр Бишкектеги гараж кооперативинин мүчөлөрү менен жолугушту



8-ноябрда муниципалдык менчик жана жер пайдалануу боюнча вице-мэр Нурдан Орунтаев менен түштүктөгү №12 кичирайондо жайгашкан “Ак-Жорго” гараж кооперативинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. 


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында вице-мэр Нурдан Орунтаев борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине (ММБД) караштуу «Бишкек унаа токтоочу жай» муниципалдык ишканасына гараж менен келишим түзүү иштерин баштагандан кийин тиешелүү келишимдин долбоорун Бишкек шаарында жайгашкан кооперативдер менен биргеликте даярдоону тапшырды. 


Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаардык кооперативдерди келишим түзүү үчүн ММБДга чакырат. Дареги: Чокморов көч., 246. Байланыш телефондору: 0312 45 41 13.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн