Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы айтылууда. Бул тууралуу бир катар маалымат сайттары жеке булактарына таянып жазууда.
Орунтаев атайын кызматка 26-майда эртең менен чакырылган. Расмий маалымат бериле элек.
24-майда Бишкектеги «Батуми» кафесин бузуу иштери башталган. Кафе ээлери карлышык көрсөткөн үчүн вице-мэр Нурдан Орунтаев алар менен чырдаша кеткен. 25-майда буздурула баштаган каыеге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев барган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн