Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Вице-мэр Орунтаев чуулуу окуядан кийин отставкага кетер-кетпесин айтты

30.05.2023 15:11
700
Вице-мэр Орунтаев чуулуу окуядан кийин отставкага кетер-кетпесин айтты


Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков вице-мэр Нурдан Орунтаевден "Батуми" кафесинин ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөшү керек болгон 3 миллион сомду кайдан ала турганын жана кызмат ордунан кетер-кетпесин сурады.


«Ал эми экинчиси: алар туура эмес экенин мойнуна алышкан жана алар суракка алынгандыктан... Ушундай ызы-чуудан кийин кызматыңыздан кетесизби? - ал сурады.


Вице-мэр тергөө органдарынын чечимине эч ким комментарий берүүгө укугу жок деп жооп берди. Ал кетеби, кетпейби, аны депутат чечпей турганын билдирди.


«Бул менин жеке чечимим болот. Ал эми мындай чечим болсо, бул тууралуу биринчилерден болуп билесиңер», - деди ал.


Жаныбек Асанбеков бул акчаны төлөп берүүнү вице-мэр өз мойнуна алганы чынбы же жокпу, кайра тактады. Бул суроого Нурдан Орунтаев жооп бербей турганын билдирди.


Белгилей кетсек, Орунтаев 24-май күнү атайын техника менен барып кафени буздуруп, ичиндеги буюм-тайымдарды сыртка чыгартып салган. Ал кафе мыйзамсыз курулганын, бузуу боюнча алдын ала кабарлама берилсе ээси тоготпой койгонун айтууда.


Окуя болгон күндүн эртеси кафеге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барып, эгер сүрдүрүү мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга тапшырма берген. Өз кезегинде жактоочу Орунтаевдин үстүнөн арыз жазганын билдирген.


Андан соң атайын кызмат Нурдан Орунтаевге жана мэриянын кызматкерлерине эки берене менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө Орунтаев жабырлануучу тарапка келтирилген 3 миллион сомдон ашуун зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттендирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн