Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Вице-мэр В.Мозгачева №45 мектепти текшерди

05.09.2020 10:37
994
Вице-мэр В.Мозгачева №45 мектепти текшерди


Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева №45 мектепке барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, бул жылы аталган мектепте инженердик түйүндөрдү алмаштыруу, жылуулук түтүктөрүн орнотуу каралган.

Виктория Мозгачева иштердеги кемчиликтерди дароо таап жана мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгына «Арай» ЖЧКсы подрядчы компаниясына ишти кечиктиргендиги үчүн эскертүү түзүүнү жана бир жуманын ичинде, 11-сентябрга чейин радиаторлорду алып келүүнү тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге балдар колдорун муздак сууга жууп калбашы үчүн суу жылыткыч сатып алууга арыз берүү райондук билим берүү борборуна тапшырылды.

Сметага ылайык жумуштун наркы 1,9 миллион сомду түзөт, бирок иштин наркы ашыра көрсөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгы үчүн, смета кайрадан каралат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн