Тогуздун айы 09, 2024
Убакыт: 14:25
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев коомдук транспортко жол киренин көтөрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди

09.10.2024 11:29
19
Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев коомдук транспортко жол киренин көтөрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди


Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев коомдук талкууга коюлган "жол кирени көтөрүү" сунушу түшүндүрмө берди. Ал социалдык баракчасы аркылуу жол кире көтөрүлөт экен деп нааразы болгондорго расмий кайрылган.

“Азыр “Тулпар” карталары менен жана Улуттук банктын QR аркылуу бардык банктын карталары менен жол кире 17 сомду түзөт. Жол кирени накталай төлөбөй, “Тулпар” картасын алгыла да 17 сомдон төлөп, жүрө бергиле. Мисалы, бир сааттын ичинде каттам алмаштырсаңыздар ошол эле 17 сом менен жүрсөңүздөр болот дегенди да карап көрсөңүздөр. Себеби, накталай акча менен төлөгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге сол чөнтөгүнө салым кошуп жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз мэрия тараптан канчалык аракет жасап жаткан менен, адамдык фактор деген да бар экен. Автобустарды аябай айдап, талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчү, мисалы 1000 сомдук акча берип койсо майдалап 20 сом алып калыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатышат. Планды аткарып чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жаткандарын көрүп жатасыздар. Биз сиздер менен кеңешип, коомдук талкуу аркылуу маселени бирге чечели деп талкууга чыгардык. Карта менен төлөп, айдоочуну алаксытпай ошону менен бирге көмүскөгө, сол чөнтөкө кетип жаткан акчаларды мамлекеттин казынасына түшүрөлү деген тилегибиз бар. Сөгүп урушаардан мурун талкууга активдүү катышып бериңиздер. Накталай эмес, карта менен төлөө жолун жөнгө салып, Тулпар картасы же бардык банктын картасы аркылуу мамлекеттик QR кодту колдонуп көрсөңүздөр. Суроолоруңуздарга жооп берүүгө даярмын. +996553517777 байланыш телефонум ", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Вице-мэр жол кире акысын "Тулпар" картасы же башка бардык банктын картасы менен QR код аркылуу төлөөгө чакырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн