Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова шаар тургундарын жана конокторун эс алуу парктарында сейилдөөгө чыкпай турууга чакырды.
Ал бүгүн, 4-майда онлайн брифингде билдиргендей, борбор калаада коомдук жайларда жүрүүгө, эс алуу бактарында сейилдөөгө чыгуу азырынча эрте. Себеби адамдар көп чогулган аймактарда жүрүүдө вирустун жугуп калуу коркунучу бийик экени далилденип жатат.
“Азыркы учурда парктарда эс алуу мезгили башталып жаткандыгына байланыштуу жарандарды сейилдөөгө чыкпай туурууга, үйдө болууга чыкырат элем. Карантиндин талаптарын туура сактап, оор кырдаалда медицина кызматкерлерине жардам кылып, өзүбүздүн жана жакындарыбыздын камын көрүүгө чакырам”, - дейт вице-мэр.
Ошондой эле ал коронавирус убактылуу илдет экенин, абал турукташканга чейин сабырдуу болууга чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн