Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Вице-мэр шаардагы социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын ишин текшерүүдө

29.01.2021 16:41
662
Вице-мэр шаардагы социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын ишин текшерүүдө

Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын ишин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


Бул жолу Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгын текшерди.

Иштин натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдору, даректүү социалдык жардам көрсөтүү алгоритмин өркүндөтүү, ошондой эле Свердлов районунда гана иштеп келе жаткан "Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту" автоматташтырылган маалымат тутумунун программасы каралды.


Райондун Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө балдардын шашылыш чалууларына бригадаларды тез жөнөп кетүүлөрү  үчүн унаа маселесин чечүү тапшырылды.


Белгилей кетсек, 2021-жылдын башында мобилдик бригада балдарга, ошондой эле мыйзамга каршы келген балдарга карата зомбулук фактысы боюнча 24 жолу сапар кылган. Өткөн жылы 197 сапар болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн